Улуттук банк дагы бир мыйзамсыз валюта сатуучуга айып салды

24 октября 2022, 17:23

Улуттук банк кыргызстандык жаранга лицензиясы жок валюта менен операцияларды жасагандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Нак чет элдик валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн салынган айыптын суммасы 17,5 миң сомду түзгөнү көрсөтүлгөн.

Айып пулду Улуттук банктын Баткендеги өкүлчүлүгү салган.