Улуттук банк дагы бир акча алмаштыруу жайына айып салды

7 сентября 2022, 09:56

Улуттук банк алмашуу бюросуна 55 миң сом айып салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн салынган.

Билдирүүдө алмашуу бюросунун аталышы жана дареги көрсөтүлгөн эмес.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын жараны лицензиясы жок валюта менен операцияларды жасагандыгы үчүн айыпка жыгылган. Айып пулдун көлөмү 17,5 миң сомду түздү.