Улуттук банк Баткенде бир мыйзамсыз валюта сатуучуга айып салды

27 января 2023, 14:02

Улуттук банк М.Н.Д. аттуу кыргызстандык жаранга лицензиясы жок чет элдик валюта менен операцияларды жасагандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды. 

Салынган айыптын суммасы 17,5 миң сомду түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, айып пулду Улуттук банктын Баткендеги өкүлчүлүгү салган.