Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

16 марта 2023, 16:10

Улуттук банк 15-мартта бир төлөм уюмуна айып пул салды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Уюмга төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн айып салынганы белгиленди.