Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган үч жаранга айып пул салды

3 ноября 2022, 13:20

Улуттук банк үч мыйзамсыз акча сатуучуга айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк кыргызстандык жарандарга (Б.К.А., Ц.М.Ж., С.Н.А.) Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн айып пул салган.

Айып пулдун суммасы 17,5 миң сомду түзөт.