Улуттук банк 2018-жылдагы ишмердиги боюнча парламентте жооп берди
Кечээ Жогорку Кеңеште Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018-жылдагы ишмердиги боюнча маалымат берди.
Жоопчотто акча-кредиттик саясаты боюнча толук маалымат берилди.Төрага 2018-жылы Кыргыз Республикасында төмөнкү инфляция сакталган.
«Ички валюталык рыноктогу абал туруктуу.Кыска жана айрым убактагы валютанын курсунун серпилүүсү Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнүп, мезгилдик мүнөзгө ээ»,- деп билдирди ал.
Депутат Аалы Карашев инфляция жана пайызчык чендер боюнча суроо берди.
«Коммерциялык банктар менен микрофинансалык уюмдарында пайыздык чендер өтө жогоруу 18 % дан 30% чейин», -деп билдирди депутат.
Депутат Айнура Осмонова Улуттук банк пайыздык чендерди төмөндөтүүго Улуттук банк чара көрүүсунө чакырды.
Ошентип, Улуттук банктын 2018-жылдагы жоопчотун депутаттар колдоп, канаттандырарлык деп таанышты.