Улуттук банк эки алмашуу бюросунун лицензиясын кайтарып алды

25 мая 2022, 11:59

Улуттук банк 25-майдан бери мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн эки алмашуу бюросунун лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Улуттук банктын чечими менен Моссоветте жайгашкан “Пайда кей жи” жана Аламүдүн базарынын аймагындагы “Три семерки плюс”алмашуу бюролору лицензияларынан кол жууду.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 418 алмашуу бюросу Улуттук банктан лицензия алган.