Улуттук банк акча алмаштырган жайдын лицензиясын кайтарып алды

14 августа 2021, 09:40

Улуттук банктын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн мекеме акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын кайтарып алды. 

Тактап айтканда, 13-августтан тарта “Аман ЛТДнын” чет өлкөлүк валюта менен накталай акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугу жокко чыгарылды. 

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Улуттук банк коммерциялык банктарга каршы ар кандай мыйзам бузуулар үчүн он эскертүү жана беш көрсөтмө жөнөткөн, эки банк айыпка жыгылган.