Улуттук банк банк системасынан 11 млрд сом алууну пландаштырууда

17 января 2022, 17:35

18-январында жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет. 

Жалпысынан жайгаштыруу алкагында Улуттук банк банк систамасынан 11 млрд сом алууну пландаштырууда.

Кошумчалай кетсек, өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча ноталардын орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,59%, 6,89% жана 7,23% түзгөн.