Улуттук банк банк системасынан 8,1 млрд сом алууну пландаштырууда

21 декабря 2021, 09:06

Бүгүн, 21-декабрда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтөт.

Ноталардын эмиссиясынын пландаштырылган көлөмү 8,1 млрд сомду түзөт. Улуттук банк 3,3 млрд сомдук ликвиддүүлүктүн басымдуу бөлүгүн банк системасынан банктын 7 күндүк кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарынын эсебинен алууга ниеттенүүдө. Мекеме 14 жана 28 күндүк ноталардын эсебинен дагы 4,8 млрд сом алууну пландаштырууда.

Кошумчалай кетсек, ноталардын максималдуу кирешелүүлүгү аукцион өткөрүлгөн күндөгү эсептик чендин өлчөмүнө барабар. Бүгүнкү күндө эсептик чен 8 пайызды түзөт.