Улуттук банк банк тутумунан 9,4 млрд сом алууну пландаштырууда

22 ноября 2021, 17:58

Эртең, 23-ноябрда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт.

Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү 9,4 млрд сомду түзөт, баарынан мурда 4,8 млрд сомго 7 күндүк ноталарды чыгаруу пландаштырылууда.

Эске сала кетсек, Улуттук банктын ноталарынын аукциондорун өткөрүүнүн негизги максаты банк тутумунан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү алып салуу болуп саналат. Башкача айтканда, аукциондордон түшкөн каражат эч жакка жөнөтүлбөй, банк системасынан белгилүү бир убакытка чыгарылып, Улуттук банкта калат.