Улуттук банк банк системасынан 2,8 млрд сом алууну пландаштырууда

19 апреля 2022, 09:45

Бүгүн, 19-апрелде жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтөт. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Улуттук банк ноталарды жайгаштыруунун эсебинен банк тутумунан 2,8 млрд сомго ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаштырууда. Учурда Улуттук банк 5 млрд 885,18 млн сомду жүгүртүүдөн чыгарды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 13,2%, 13,42%, 13,63%ды түзгөн.