Улуттук банк жети жылдык мамлекеттик облигациялардын аукционун өткөрөт

2 ноября 2022, 09:17

Ушул аптанын жума күнү, 4-ноябрда жүгүртүү мөөнөтү жети жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Пландаштырылган көлөм 1,3 миллиард сомду түзөт.

Купондук чен 7% өлчөмүндө белгиленген.