Улуттук банкта санарип төлөм технологияларын 2020-2022 ж. өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды

5 марта 2020, 09:20

Улуттук банкта 2020-2022-жылдары КР санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча тегерек стол өттү. 

Уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө санарип төлөм технологияларын 2020-2022-жылдары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү жана долбоордун катышуучулары тууралуу маселелер талкууга алынды. 

Иш-чарада төлөм системалараынын операторлору, төлөм уюмдары, төлөм системасынын операторлор ассоциациясы жана операторлор байланышы, экономика министрлиги жана маалымат технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышышты.