«Олимп Континент» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы токтотулду

27 апреля 2023, 10:15

Улуттук банк Бишкек шаары, Б. Бейшеналиева көчөсү, 38/1 дарегинде жайгашкан “Олимп Континент” ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, лицензиянын колдонулушу Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн 27-апрелден 6-майга чейин токтотулду. 

Ачык булактарга таянсак, “Олимп Континент” ЖЧКсынын жетекчиси Аскарбек Арабеков болуп саналат. Аталган ЖЧК 2022-жылдын 14-сентябрында катталган.