Улуттук банк үч алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн үч алмашуу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Лицензия 2022-жылдын 9-июлунан 15-июлуна чейинки мөөнөткө токтотулду. Үч алмашуу бюросу тең Бишкекте жайгашкан.