«Арзы плюс Ж» акча алмаштыруучу жай убактылуу жабылды

16 декабря 2019, 09:35

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, үй №2, 31-квартира дареги боюнча жайгашкан, «Арзы плюс Ж» ЖЧК алмашуу бюросунун 2018-жылдын 4-июнундагы №5735 лицензиясынын аракети токтотулду.  Бул тууралуу  Улуттук банк билдирет. 

Аталган акча алмаштыруучу жайдын  иш алып баруусу  2019-жылдын 12-декабрынан тартып, 21-декабрга чейин токтотулган. 

Эске сала кетсек, буга чейин  ОсОО «Датка ЛТД» жана  ОсОО «Нишан Компани» акча алмаштыруучу жайлар, УБ нормаларын сактабагандыгы үчүн, ишмердүүлүгүн токтотушкан.