Бишкекте акча алмаштыруучу төрт жайдын лицензиясы токтотулду
Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергени үчүн Бишкектеги акча алмаштыруу төрт жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду.
Тактап айтканда, ушул жылдын 8-февралынан 22-февралына чейин "Ариет Финанс" ЖЧКсы, "Силквей" ЖЧКсы, "Урматбек" ЖЧКсынын жана 8-12-февралга чейин "Капитал Кэш" ЖЧКсы убактылуу иштебейт.
Жогорудагы акча алмаштыруу жайларынын баары Бишкек шаарында иштеп келген.