Улуттук банк эки алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн эки алмашуу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Лицензия 2022-жылдын 30-июлунан 13-августуна чейинки мөөнөткө токтотулат. Алмашуу бюролору Бишкек шаарында жайгашкан.