Улуттук банк эки акча алмаштыруучу бюролордун ишин токтотту

22 ноября 2019, 15:24

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки ЖЧК ишмердүүлүгү токтотулду.

Алар: 

1. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144а дареги боюнча жайгашкан «Датка ЛТД» ЖЧК алмашуу бюросунун 2019-жылдын 24-апрелиндеги №5888 лицензиясынын аракети 2019-жылдын 15-ноябрынан тартып 25-ноябрына чейин (кошо алганда) токтотулду. 

2. Бишкек шаары, Московская көчөсү, 69-үй, 16-батир дареги боюнча жайгашкан «НИШАН КОМПАНИ» ЖЧК алмашуу бюросунун 2017-жылдын 8-ноябрындагы №5597 лицензиясынын аракети 2019-жылдын 18-ноябрынан тартып 26-ноябрына чейин (кошо алганда) токтотулду.