Улуттук банк акча алмаштыруу жайдын ишин убактылуу токтотту

17 апреля 2024, 15:20

Улуттук банк "Канат ЛТД" акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат. 

Аталган акча алмаштыруу жайы Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр көчөсүндөгү “MEGA TRADE” соода борборунда жайгашкан. Анын уруксат кагазы 17-апрелден  1-майга чейин токтотулду. 

Белгиленгендей, акча алмаштыруу жайы өлкө мыйзамдарын, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган.