Мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду

16 июня 2023, 11:58

“Эко Лайн сервис” акча алмаштыруу бюросу мыйзамды, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын бузган. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Мындан улам, акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы 16-июндан 25-июнга чейин убактылуу токтотулду.