Улуттук банк дагы бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту

8 февраля 2022, 10:13

Улуттук банк Бишкектеги дагы бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтоттуБул тууралуу борбордук банктын сайтында жарыяланды.

 Тактап айтканда, 8-февралдан 17-февралга чейин «Радиус KG» ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган.  Мындай чечимге Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.

 Кошумчалай кетсек, буга чейин 4-февралда Улуттук банк тарабынан «Капитал Кэш» жана «Топ Финанс» ЖЧК алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү  укугуна лицензиясынын аракети токтотулган.