Улуттук банк акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту

9 декабря 2021, 15:59

Улуттук банк “Наздин” ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу банктын сайтына жарыяланды.

Санкциялар алмашууга карата Кыргызстандын мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузууга жол бергендиги үчүн кабыл алынган. Лицензия он күнгө, 18-декабрга чейин токтотулган.

Кошумчалай кетсек, акча алмаштыруучу жай Бишкекте катталган.