Бир акча алмаштыруу жайдын лицензиясы токтотулду
Өлкө мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн “Форекс Маркет” ЖЧКсынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Аталган акча алмаштыруу жайы 2023-жылдын 3-февралынан 2023-жылдын 12-февралына чейин иштебейт.
Алмашуу бюросунун дареги: Ош шаары, Курманжан Датки көчөсү, 344.