Улуттук банк мамлекеттик облигациялардын аукционун өткөрөт

7 августа 2023, 09:56

Ушул жылдын 11-августунда беш жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Пландаштырылган эмиссиянын көлөмү 550 миллион сомду түзөт.

Купондук ставка 6% өлчөмүндө белгиленген.