Улуттук банк валюта рыногуна 43 млн доллардан ашык сатты

12 июля 2023, 19:30

Улуттук банк 12-июлда онунчу ирет интервенция менен валюта рыногуна чыкты.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жолу 43 миллион 555 миң доллар сатты. Анын 19 миллион 5 миң доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 24 миллион 550 миңи бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен сатылган.

Кошумчаласак, жөнгө салуучу орган жыл башынан бери улуттук валютаны колдоо үчүн 500 миллион 195 миң доллар саткан.

Белгилеп кетсек, интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.