Улуттук банк «Евразиялык аманат банкынын» атайын режиминин мөөнөтүн узартты

25 декабря 2020, 09:20

23-декабрда Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан «Евразиялык аманат банкындагы» убактылуу администрациянын атайын режимин ушул жылдын 25-декабрынан тартып алты айлык мөөнөткө узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу регулятор билдирди. 

 

 

Банктын убактылуу админстратору болуп Рустам Абдулдабеков дайындалды. 

Эске сала кетсек, Улуттук банктын мындай кадамга баруусунун себеби, банк талаптарды аткарбагандыгы менен байланыштуу болгон.