Улуттук банк «Евразиялык сактык банкы» үчүн өзгөчө режимди узартты

16 декабря 2022, 13:37

Ушул апта, 14-декабрда Улуттук банк Башкармасы “Евразия сактык банкы” ААКсында убактылуу администрациялоонун өзгөчө режимин узартуу чечимин кабыл алды.

Өзгөч режим 2022-жылдын 23-декабрында алты айлык мөөнөткө күчүнө кирди.

Банктын убактылуу администратору болуп Улан Базаркулов дайындалды.

Эске салсак, Улуттук банк мындай чараларды 2018-жылы банк өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алган.