Финансы министрлиги апта ичинде 300 млн сом тартууну пландоодо
10-11-мартта мамлекеттик казына облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Эмиссиянын жалпы суммасы 300 млн сомду түзөт. Тактап айтканда, 10-мартта Улуттук банк 50 млн сомго жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик векселдерди, ал эми бир күндөн кийин, 11-мартта 250 млн сомго 2 жыл болгон мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт.
Кошумчалай кетсек, 4-мартка карата Кыргызстандын ички карызы 71 млрд 809,6 млн сомго бааланган.