Жүгүртүү мөөнөтү бир жыл болгон мамлекеттик баалуу кагаздардын аукциону өтөт
Кыргызстандын Улуттук банкы 8-сентябрда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Эмиссиянын жалпы суммасы 50 миллион сомду түзөт.