Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү жети жылдык МКОнын аукционун өткөрөт

21 июля 2022, 09:46

Быйылкы жылдын 22-июлунда 7 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Эмиссиянын жалпы суммасы 310 миллион сомду түзөт.

Кошумчаласак, 7 жылдык МКОнун купондук ставкасы 7% өлчөмүндө белгиленген.