Жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон мамлекеттик облигациялардын аукциону өтөт
Мамлекеттик казына облигацияларын жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон аукцион 23-сентябрда өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Эмиссиянын суммасы 500 миллион сомду түзөт.
Белгилей кетсек, купондук чен 8% деп белгиленген.