Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамвекселдердин аукционун өткөрөт

11 января 2023, 15:01

Эртең, 12-январда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Пландаштырылган чыгаруу көлөмү 60 миллион сомду түзөт.

Кошумчаласак, 15-декабрдагы акыркы аукциондун жыйынтыгы боюнча 12 айлык мамлекеттик векселдердин кирешелүүлүгү 8,40%ды түзгөн.