Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык мамлекеттик векселдердин аукционун өткөрөт

7 декабря 2022, 14:38

Эртең, 8-декабрда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Пландалган чыгаруунун көлөмү 150 миллион сомду түзөт. 

Муну менен бирге, 9-декабрда жүгүртүү мөөнөтү эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. 

Чыгаруунун көлөмү 600 миллион сом. Купондук чен 5% өлчөмүндө белгиленди.