Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт
Мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион 12-ай жүгүртүү мөөнөтү менен 6-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Чыгарылган сумма 60 миллион сомду түзөт.
Мындан тышкары, 7-майда жүгүртүү мөөнөтү үч жыл болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион болот.
Эмиссиянын көлөмү 250 миллион сомду түзөт.
Кошумчалай кетсек, мамлекеттик 3 жылдык казына облигацияларынын купондук ченинин өлчөмү 5% деп белгиленген.