Улуттук банкта кезектеги аукцион өтөт

7 сентября 2020, 16:57

8-сентябрда Улуттук банктын 7, 14 жана 91 күндүк ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат. 

Баалуу кагаздарды жайгаштыруудан улам Улуттук банк 7 млрд 550 млн сомду тартууну пландоодо. 

Эске сала кетсек, 1-сентябрда өткөн аукциондун жыйынтыгында 7-, 14-, жана 91 күндүк ноталардын орточо кирешес и 3.95%, 4.21%, 4.37% жана 4.75% түзгөн.