Улуттук банк дээрлик 41 млн долларга интервенция жасады

19 апреля 2023, 19:08

Бүгүн, 19-апрелде Улуттук банк валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 40 миллион 970 миң доллар 87,52 сомдон сатылды.

Бул 2023-жылдын башынан бери сегизинчи интервенция. Бул аралыкта жалпысынан 394 миллион 440 миң доллар сатылды.