Улуттук банк 500 миң $ сатып, кезектеги интервенцияны өткөрдү

18 ноября 2020, 17:15

Улуттук банк ноябрь айы ичинде үчүнчү ирет интервенция өткөрдү. Бул ирет регулятор 500 миң доллар сатты. 

Белгилей кетсек, ушул айдагы экинчи интервенция 16-ноябрда, 23.4 млн доллар сатып өткөргөн. Ал эми алгачкы жолу 12-ноябрда валюта рыногунун абалын жакшыртуу үчүн регулятор 26.8 млн доллар саткан.