Улуттук банк 2021-жылы он биринчи интервенцияны өткөрдү
Улуттук банк 5-ноябрда кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Бул жолу Улуттук банк валюта рыногуна 55,4 миллион доллар сатты, бул 28-октябрга салыштырмалуу 5,4 миллион долларга көп. Бул быйылкы жылдын башынан берки он биринчи валюталык интервенция.
Учурда банк сомдун курсун тегиздөө үчүн 446 миллион 750 миң доллар сарптаганын кошумчалайбыз.