Улуттук банк 1-декабрда 5 млн 250 миң $ сатып, интервенция өткөрдү

2 декабря 2020, 08:32

Улуттук банк декабрда валюталык интервенция өткөрдү. Бул ирет регулятор 5 млн 250 миң доллар сатты. 

Эске сала кетсек, ноябрда Улуттук банк америка валютасына болгон талапты жакшыртуу үчүн 84 млн 750 миң доллар, ал эми жыл башынан бери — 435.7 млн доллар сатты. 

Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды мурункудай 84.75 сомдон сатып алып, кайрадан 84.9 сом менен сатууда. Бул курс үч жумадан бери ушундай абалда сакталып турат.