Улуттук банк «Финансылык кызматтар» темасында мамлекеттик тилде семинар өткөрдү

1 октября 2021, 09:02

Улуттук банк шариат таануучулардын жана коммерциялык банктардын шарият кеңештеринин мүчөлөрүнүн катышуусунда "Финансылык кызматтар" темасында мамлекеттик тилде семинар өткөрдү.

Семинардын максаты калктын финансылык кызматтар жана өлкөнүн финансылык системасы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болду.

Семинар каржы институттарынын негизги түрлөрү, каржы рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын ролу сыяктуу темаларды камтыды; тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук: каржы институтунун ишенимдүүлүк даражасын кантип баалоо керек; Ислам банк иши: негизги финансылык продуктылар жана башка темалар.