Улуттук банк сегизинчи валюталык интервенция өткөрдү

19 мая 2022, 08:55

Кыргызстандын Улуттук банкы марттын аягынан бери биринчи жолу валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Бул жыл башынан бери сегизинчи операция. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.

Ошол эле учурда Улуттук банк үчүнчү жолу тескери интервенция менен чыгып жатат. Бул жолу жөнгө салуучу орган 6 миллион доллар сатып алды. Жалпысынан быйыл америкалык валютаны сатып алуу боюнча үч операция жүргүзүлдү, бардыгы болуп Улуттук банк 25,9 миллион долларды сатып алды.