Улуттук банк 300 млн сомго узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштырат

1 апреля 2021, 11:50

Улуттук банк беш жылдык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууну пландайт. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат. 

 

6% жылдык кирешеси менен 300 млн сом жайгаштырылат. Купондор боюнча төлөм 2026-жылга чейин апрель жана октябрь айларында жүргүзүлүп турат.