Улуттук банк 180 млн сомго мамлекеттик облигацияларды жайгаштырат

15 июля 2021, 12:40

Ушул жылдын 21-июлунда жүгүртүү мөөнөтү үч жыл болгон мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт, деп билдирди Улуттук банк.

Эмиссиянын жалпы суммасы 180 миллион сомду түзөт.

Үч жылдык облигацияларга купондун чени 5% деп белгиленген.