Улуттук банк мамлекеттик облигацияларды 400 млн сомго жайгаштырат

26 мая 2021, 09:40

Ушул жылдын 28-майында 10 жылдык мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт, деп билдирди Улуттук банк.

Анын жалпы суммасы 400 миллион сомду түзөт.

10 жылдык мамлекеттик казына облигациялары үчүн купондун баасы 8% түзөт.