Улуттук банк 500 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырат

2 декабря 2020, 15:35

4-декабрда жети жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. 

Баалуу кагаздардын жалпы көлөмү - 500 млн сомду түзөт, купондук чен — 7%. 

Эске сала кетсек, ноябрдагы мамлекеттик баалуу кагаздардын жүгүртүүдөгү суммасы 2.7 млрд сомду түздү.