Улуттук банк 850 млн сомго баалуу кагаздарды жайгаштырат

8 декабря 2020, 14:25

11-декабрда 10 жылдык мөөнөттүү мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

 

Баалуу кагаздардын жалпы көлөмү 850 млн сомду түзөт, купондук чен — 8%. 

Эске сала кетсек, ноябрда мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү 2.7 млрд сомго өскөн.