Каржы министрлиги 250 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууну пландоодо

10 мая 2022, 14:20

Аптанын аягына чейин, 12 жана 13-май күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча эки аукцион өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында бар.

Ошентип, 12-майдагы аукциондо мамлекеттик векселдердин эсебинен бюджетке 50 миллион сом тартуу пландалууда. 13-майдагы аукциондо дагы 200 миллион сом, анда катышуучуларга эки жылдык мөөнөттөгү казына облигацияларын сатып алуу сунушталат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы ички карызы 2 жылдык облигациялар жана казыналык векселдер боюнча 3,8 миллиард сомго бааланган.