Улуттук банк 60 млн сомго мамлекеттик векселдерди жайгаштырат
Улуттук банк 60 миллион сомго мамлекеттик казына векселдерин жайгаштырууну көздөөдө. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтында айтылат.
Мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион эртең, 13-апрелде өтөт.
Жайгаштыруу мөөнөтү 12 ай болот. Купондук төлөмдөр келерки жылдын апрель айынын аягында жүргүзүлөт.